Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын I-сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 1/6
Кенештин карамагына тиешелүү болгон маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн кенештин негизги структуралык органдары болгон Айылдык кенештин туруктуу комиссияларын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Күнтуу айылдык Кенешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдыкКенешинин туруктуу комиссияларынын мүчөлөрүнүн отурумунун негизинде төмөнкү депутаттар төрага болуп бекитилсин;
1) Пландоо, бюджет жана экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, Калыгулов Марс Кубанычбекович
2) Айыл чарба, жер жана аграрадык саясат, экология, айлана-чөйрөнү коргоо,өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы , Тобоев Молдобек Аскарбекович
3) Билим берүү жана дин иштери, саламаттыкты сактоо, маданият маселелери, спорт, туризм,жаштар саясаты, мыйзамдуулук, депутаттардын этикасы, мыйзамдуулук жана кайрылууларды кароо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, Бусурманкулов Шерик Омурбекович
2. Жогоруда бектилген туруктуу комиссиялардын ар бирине кенештин жана кенештин төрагасынын тапшырмаларын аткаруу, жергиликтүү кенештин сессиясынын алдында жоопкерчилик алып жүрө тургандыгы жана отчетторун белгиленген мөөнөттө берүү иштери милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |