Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Күнтуу айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын I-сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 1/8
2017-жылга карата Күнтуу айылдык кенешинин иш планын түзүү жана айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын иштерин уюштуруу боюнча
Күнтуу айылдык Кенешинин I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга карата Күнтуу айылдык кенешинин иш планын түзүү жана айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын иштерин уюштуруу боюнча отурумдарды өткөрүп, иш планды талкуулап түзүү жагы ар бир туруктуу комиссиянын төрагаларына тапшырылсын.
2. Туруктуу комиссиянын отурумунда каралып талкууланбаган жана туруктуу комиссиянын отурумунун протоколу жазылбаган маселелер айылдык кенештин сессиясында каралбай тургандыгы ар бир туруктуу комиссиянын курамына эскертилсин.
3. Шайлоочулардын үнүн угуп,муктаждыктарын аныктап ,өз учурунда иш алып баруу, иштөө тартибин түзүп кабинеттик системада иш алып баруу ар бир депутатка милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |