Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 33
Самаркандек айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-2019-2020-жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн атайын эсебине 2017-жылга сунуш кылынган бюджети жана 2018-2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы экономика-бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевдин билдируусун жана Самаркандек айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, коомдук угуулардын жыйынынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы экономикалык негиздери жөнүндөгү” Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-2020-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү токтомуна ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт. Жогоркулардын негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн атайын эсепке 2017-жылга бюджетинин кирешеси жана чыгашасы 1185,6 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорунун 2018-жылга атайын эсептин киреше жана чыгаша болугу 963,4 мин сомго, 2019-жылга атайын эсептин киреше жана чыгаша болугу 1276,6 мин сом, 2020-жылга атайын эсептин киреше жана чыгаша болугу 1276,6 мин сом суммасында бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |