Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
2017-жылдын 09-февралы № 25
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолу жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга сунуш кылынган бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгу айыл өкмөтүнүн финансы экономика-болумунун башчысы Б.Шайдуллаевдин билдирүүсүн жана Самаркандек айылдык Кеңешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, коомдук угуулардын жыйынынын сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндөгу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы экономикалык негиздери жөнүндөгу” Мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгу токтомуна ылайык тузулгондугун белгилейт. Жогоркулардын негизинде Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга кабыл алынган айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл ичиндеги озгортуулор жана толуктоолор менен кошумча жалпы жыл ичиндеги бюджет 13674,8 миң сомго бекитилип жыл ичинде киреше жана чыгаша 13163,2 мин сом менен аткарылгандыгы белгиленсин .
2. 2016-жылга кабыл алынган атайын эсепке өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен 1136,0 мин сомго бекитилип жыл ичинде 1128,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин кирешеси жана чыгашасы 15961,8 миң сом суммасында бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорунун 2018-жылга киреше жана чыгаша болугу 15985,0 миң сомго, 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 15765,0 миң сомго, 2020-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 15994,0 миң сомго бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |