Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2017-жылдын 09-февралы № 31
Айыл аймагындагы айылдарда ичуучу таза сууга акы толоо тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизү тууралуу. 2009-жылдын 29 июнундагы №240 мыйзамынын 21 беренесинин 2 бөлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2003 жылдын 17 июнундагы №445 токтому менен бекитилген мамлекеттик башкаруучу чарбакер субьектеринин товарларына (жумуштарына көрсөтүлүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарындагы ичүүчү таза сууга акы төлөө баалары (тарифи) жан башына 10(он) сомдон төлөнөрү белгиленсин.
2. Комерциялык баа жылына 4000, социалдык объектилерге 1500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жеке үйлөргө суу тартып кирүү токтотулсун, качан гана суунун көлөму коп болгон учурда гана келишимдин негизинде токтом кабыл алуу менен уруксат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Рахманкулов |