Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIII сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 36
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануу боюнча Аласан мейкин жамааты коомдук уюмунун бюджетин бекитүү жөнүндө
2017-жылга “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун төрагасы П.Пиридиновдун бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бекитүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап Самаркандек айыл Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыт пайдалануу боюнча “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун бюджети 474175 (торт жуз жетимиш торт миң бир жуз жетимиш беш) сом суммасында кабыл алынсын.
2. “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун токой пайдалануу акы өлчөмдөрүнүн тарифи 2017-жылга бекитилсин.- жайлоого чыгуу 15 майдан башталсын.
3. Малдын ветеринардык абалын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Акылбековго милдеттендирилсин.
4. “Аласан мейкин жамааты” коомдук уюмунун жүргүзгөн ишин көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Самаркандек айылдык кенешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |