Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-январы № 2/2
Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине,Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 27.12.2011-жылдагы № 423 токтому менен бекитилген”Айыл өкмөтүнүнг башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 3 пунктуна ылайык жана Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер болуп,Чекирбаев Эркинбек Замирбекович¸Садыков Эркинбек Калыкович, Айманов Урматбек Муканбетовичтер сунушталсын.
2. Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерлердин документтерин карап, каттоодон өткөрүп берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрага | А. Жакыпов |