Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 28-февралы № 6/4
Соң –Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жыл үчүн жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу бюджеттин длобоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндөгү 19-июнь 2009-жылдагы № 386 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 48 беренесине ылайык Соң-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Соң-Көл айылдык Кенешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жыл үчүн киреше бөлүгүнөн 175,0 м.сом, чыгашалар бөлүгү 175,0 м.сом белгиленсин.
2 .2019-жыл үчүн киреше бөлүгүнөн 180,0 м.сом, чыгашалар бөлүгү 180,0 м.сом белгиленсин.
3. 2017-жыл үчүн киреше бөлүгү 168,0м.сом, чыгашалар бөлүгү 168,0 м.сом бекитилсин.
№ | Салык түрүнүн аталышы | классиф | Суммасы |
1 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 14152200 | 168,0 |
4. 2017-жылдын киреше бөлүгүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы Соң-Көл жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Искендеровго милдеттендирилсин.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Чекирбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмлгө алуу жагы Соң-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин айыл чарба жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жакыпов |