Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 28-февралы № 6/7
«Нарын областынын Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагынын Төлөк калктуу конушунун чек арасын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө»
Соң-Көл айылдык аймагынын калктуу конушунун чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Соң-Көл айыл аймагынын 2016 жылынын аяк оона айынын 18-деги №76 буйругунун негизинде түзүлгөн иш тобунун, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Соң-Көл айыл аймагынын Төлөк калктуу конушунун чек арасын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Соң-Көл айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагынын Төлөк калктуу конушунун чек арасын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Соң-Көл айылдык аймагынын калктуу конушунун чек арасын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Соң-Көл айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Чекирбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Жакыпов |