Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 2/3
Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо пилоттук долбоору жөнүндө
Күн тартибиндеги каралуучу маселе боюнча Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнун вед.адиси Т.Калыкбердиев билдирүү жазап, учурдун талабына ылайык өлкөбүздүн бардык аймактарында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо өнөктүгү башталгандыгын, райондо биздин айыл өкмөттө алгачкылардан болуп өтүп жаткандыгын. Бул ишке жеке ветеринар кызматкерлери тартылып жатканыгын. Аларга көрсоткөн кызмат акысы үчүн мал башына 30(отуз) сомдон кем эмес акча каражаты алынары. Ал эми бирканын наркы 40(кырк) сом турары, буларды элге жакшылап түшүндүрүү керек экендигине токтолду.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлүүчү ири мүйүздүү малдарды идентификациалоо өнөктүгүндө мал башына алынуучу сумма (40 сом биркасы үчун. 30 сом кызмат көрсотүү акысы үчүн) 70(жетимиш) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, уюштуруу иштерин колго алуу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |