ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 2/4
Туз айылындагы “Кыргыз почтосу” мамлекеттик ишканасынын Райондук бөлүмү пайдаланып жаткан имараттын бөлмөсүн “Кыргыз почтосу” мамлекеттик ишканасынын карамагына берүү маселеси жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Жеңишбеков Чолпонбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 49-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Туз айылындагы “Кыргыз почтосу” мамлекеттик ишканасынын Райондук бөлүмү пайдаланып жаткан имараттын бөлмөсү аталган ишканага келишимдин негизинде арендага берүү жагы сунушталсын.
2. “Кыргыз почтосу” мамлекеттик ишканасынын Райондук бөлүмүнүн жетекчилиги менен келишимдин шарттарын иштеп чыгып, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Букаровго тапшырылсын.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |