Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 2/5
“Туу –Чолпон” коомунун аткарган иши боюнча коомдун жетекчиси Саты уулу Бакыттын отчету
Каралуучу маселе боюнча “Туу-Чолпон” коомунун жетекчиси Саты уулу Бакыттын аткарган иштери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31,36-беренелеринин талаптарына ылайык Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жыл ичинде “Туу-Чолпон” коомунун аткарган иши айрым кемчиликтерди белгилөө менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Коомдун өндүрүлбөй келе жаткан акча каражаттарын өндүрүп, максаттуу пайдаланууну колго алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Өндүрүлбөй келген акча каражаттарын өндүрүүгө айылдык Кеңештин депутатарынын көмөк көрсөтүүсү зарыл экендиги белгиленсин.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |