Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 3/6
К.Р.М.Анын 02.02.2017-жылдагы №120 катына ылайык айыл өкмөттүн аймагындагы дыйкан чарбаларынын жер салыгынын базалык ставкасын белгилөө жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча айыл өкмөттүн Киреше боюнча башкы адиси Р.Асыранкулова Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2017-ж №120 чыгыш катын сессиянын катышуучуларына окуп берип,Чолпон айыл өкмөтү датацияда тургандыгы боюнча билдирүү жазады. Билдирүүнү угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн учурдагы 1(бир)га жерге белгиленген жер салыгынын базалык ставкасы 215(эки жүз он беш) сом бойдон өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагында сугат сууларынын тартыштыгы белгиленсин.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |