Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2016-жылдын 22-августу №14/4
Келишим бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы укуктарды берүү жөнүндө №145 токтомунун негизинде Депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХIV сессиясы.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пунктарын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Сон-Көл айыл аймагында нотариат жана жарандык каттоо маселесин аткарып жаткан жооптуу катчынын Кочкор районунун Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жооптуу катчы штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык нотариат жана жарандык каттоо маселесин аткарып жаткан жооптуу катчынын каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Кочкор районунун Соң-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү ылайык нотариат жана жарандык каттоо маселесин аткарып жаткан жооптуу катчыны бөлмө менен камсыз кылсын.
4. Соң -Көл айыл өкмөтүнүн башчысына келишимде көрсөтүлгөн нотариат жана жарандык каттоо маселесин аткарып жаткан жооптуу катчынын иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана акча каражаттарын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага | М. Байбостонов |