Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы
2016-жылдын 22-августу №14/5
Соң-Көл айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылдагы инвестициялык планын бекитүү жана АРИС тарабынан каржылана турган акча каражатынын пайдаланышы жөнүндө
Соң-Көл айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы Н.Искендеровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Соң-Көл айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Соң-Көл айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга инвестициялык планы бекитилсин.
2. Соң-Көл айыл аймагынын Жайыт комитети тарабынан ”Мал чарбасынын жана рынокту өнүктүрүү” Долбоорунун алкагында АРИС тарабынан каржылануучу акча каражатына атайын техникасын сатып алуу долбоору жактырылсын.
3. Соң -Көл айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги каражатынан 350 мин сом акчалай суммада Сон-Көл айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника сатып алууга өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
4. Акча каражатын бөлүп берүү жага ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынын каттоодон өткөрүлүп “ Кочкор Веб “ сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы: У.Аймановго тапшырылсын.
Төрага | М. Байбостонов |