Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 72
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Үч-Коргон айылындагы жаңы түшкөн көчөгө ат коюу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине айыл тургундарынан көчөгө ат коюу боюнча келип түшкөн арыздын жана элдик жыйындын протоколу менен таанышып, талкуулап айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айылындагы жаңы түшкөн көчөнүн аты “Мамбетов Карим атындагы көчө” болуп аталып бекитилсин;
2. Жогорудагы аты коюлган инсандын туугандарына жана уул-кыздарына көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана социалдык абалын жакшыртуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |