Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 71
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу А. Жолдошбеков атындагы орто мектеп жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине Ак-Таш Таш-Башат айылдарынын келип түшкөн арыздары жана элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкууга салып кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Таш айылында жайгашкан А.Жолдошбеков атындагы орто мектепке 2016-жылга түрткү берүүчү гранттын эсебинен ремонт иштерине каралган акча каражатына кошумча өздүк салым 642037сом (алты жүз кырк эки мин отуз жети) акча каражаты 2016-жылдын жергиликтүү бюджетин эсебинен бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүнүн каржылоо бөлүмүнүн башчысы Т. Ж. Шайназаровго милдеттендирилсин
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы
4. Р.М .Акматовго тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |