Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 70
Үч-Коргон айылдык аймагына караштуу Таш-Башат айылындагы жаңы түшкөн көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешине айыл тургундарынан көчөлөргө ат коюу боюнча келип түшкөн арыздары жана элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкууга салып кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Башат айылындагы жаңы түшкөн көчөлөрдүн аттары төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
а) Таш-Башат айылынын түндүк тарабындагы эки көчө –
Үмөтаалы Бий атындагы;
Исраилов Ибрагим атындагы;
б) Таш-Башат айылынын түштүк тарабындагы бир көчө –
Жумашаев Нурмат атындагы;
в) Таш-Башат айылынын чыгыш тарабындагы кыска көчө-
Сакелов Шайдылда атындагы;
2. Жогоруда көрсөтүлгөн көчөлөргө аттары коюлган инсандардын туугандарына жана уул-кыздарына көчөнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана социалдык абалын жакшыртуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | З.Курманалиев |