Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 69
Жолбун иттерди атуу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынан 2015-жылдын 21-декабрында келген № Б-187 сандуу каттын негизинде өкмөт башчы М.Акматовдун кайрылуусун талкуулап Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жолбун иттерди атуу үчүн 40000(кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З.Курманалиев |