Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 68
“Саза-Байсуу” федерациясына жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Саза -Байсуу” федерациясынын башчысы Б.Асыранкуловдун федерациянын балансында турган эксковаторду оңдоого жана “Саза”, “Маматбай каналдарын” оңдоп тазалоого каражат сурап кайрылуусун талкуулап Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Саза-Байсуу” федерациясынын өздүк эсеп чотуна эксковаторду оңдоого жана “Саза, Маматбай” каналдарын оңдоп, тазалоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго акча каражатын которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З.Курманалиев |