Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Коргон айылдык кеңешинин Эл депутаттарынын кезексиз чакырылган сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 67
Айылдык аймак боюнча жаңы жылга карата чыгымдарды талкуулоо жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык аймагында жайгашкан орто мектептерге, 7 айылга жана Кызыл-Жылдыз, Чоң-Капка айылдарындагы бала-бакчаларга жаңы жылдык балатыны өткөрүү ,Үч-Коргон айылдык аймагында жайгашкан айылдардын жергиликтүү жашоочулары үчүн жаңы-жылдык балатыны (Балмаскарад) Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жагы талкууга салынып айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир мектептерге окуучулардын жаңы-жылдык балатысын өткөрүүгө Аяз атанын куржунуна кошумча белек алуу үчүн 1000(бир миң) сомдон бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Жылдыз жана Чоң-Капка айылындагы бала-бакчаларга бөбөктөрдүн жаңы-жылдык балатысын өткөрүүгө Аяз атанын куржунуна кошумча белек алуу үчүн 1000(бир миң) сомдон бөлүнүп берилсин.
3. Ар бир айылдын айыл башчыларына жер-жеринде өздөрү белгилеген график боюнча жергиликтүү жашоочулар үчүн жаңы-жылдык балатысын өткөрүүгө Аяз атанын куржунуна кошумча белек алуу үчүн 2000(эки миң) сомдон бөлүнүп берилсин.
4. Үч-Коргон айылдык аймагы боюнча мыкты дыйкандар, фермерлер жана кызматкерлер үчүн жаңы-жылдык мааракелүү жыйын уюштурулуп, ар бир айылдан 10 адамдан өкүлдөр чакырылсын.
5. Айыл башчылар жана өкмөт башчысынын кеңешүүсү менен ар бир айылдан 3 адамга Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн атынан “Ардак грамота” жана акчалай 500(беш жүз)сомдон сыйлык бөлүнүп берилсин.
6. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жашоочуларына жаңы-жылдык балатыны (Балмаскарад) Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүү үчүн балатыны жана залды жасалгалоого 9000 миң сом, сыйлыктарды алууга (приздер) жакшы ыр, жакшы бий жана жакшы костюм үчүн 8000 (сегиз миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7. “Ардак грамоталар” жана акча каражаты менен убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго милдеттендирилсин
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага | З.Курманалиев |