Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги I-сессиясы
2017-жылдын 17-январы № 2/2
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын кызмат ордунаталапкер көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 1-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна талапкер көрсөтүү максатында Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 49-беренесинин 1-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна төмөндөгү жарандардын талапкерлиги көрсөтүлсүн.
1. Кадыркул уулу Барылкан Талаа-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы. 2. Керимкулов Нурлан Кубатбекович Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын соц кызматкери.
3. Кубатбеков Улан Дыйкан чарба башчысы.
4. Момуналиев Эрнис Токторбекович Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери. 5. Осмонов Руслан Жылкыбекович Дыйкан чарба башчысы.
6. Садыралиев Таалай Жолдошбекович Дыйкан чарба мүчөсү.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлерди каттоо жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынан суралсын.
3. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын 2017-жылдын 26-январь күнү саат 1500-1800 шайлоо өткөрүү жөнүндө Борбродук шайлоо комиссиясынын 14.01.2017-ж №10 токтому бекитилсин
Төрага | Р.Эсекеев |