Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги I-сессиясы
2017-жылдын 17-январы № 3/1
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга жергиликтуу бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга жергиликтуу бюджетин жана 2018-2019жылдын болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Исраилованын отчетун угуп Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31- беренесинин 2- пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 7021104 сом чыгаша бөлүгү 6537,0 сом өлчөмүндө аткарылгандыгы белгиленсин
2.2017-жылга айыл аймагынын бюджетинин чыгашалары жана алына турган тендештирүүчү гранттар , жергиликтүү бюджетке түшө турган салыктар, кирешелер төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Киреше бөлүгү
Подоходдук налогдун чегерүүсү (агентиктен түшүүчү салык) 668,0 Ыктыярдуу түрдөгү патенттик салык 70,0 Жер салыгы физ. тараптан (огород) 136,2 Жер салыгы юридидикалык тараптан (дыйкан чарба) 525,1 Транспорт ээлеринен алынуучу салык 134,6 Атайын кызмат көрсөтүү салыгы тазалык жыйым 24,0 ФПСтин жеринин арендасы 32,4 Айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу салык 8,0 Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык 4,4 Сатуудан тушуучу салык(налог с продаж) 5,0 Атайын каражат 360,0
Баары: 1984,7
Теңдештирүүчү грант 6173,4
Жалпысы: 8158,1
Чыгаша бөлүгү
Эмгек акыга 3434,1 Эмгек акынын чегеруусуно 520,5 Командировкалык чыгым 80,0 Телефон кызматына 30,0 Транспорт каражатына 90,0 Ар кандай каражатка 424,2 Тамак аш каражатына (бала бакча) 621,0 Ремонт иштерине 420,6 Инвентарь алууга 225,0 Суу үчүн 37,2 Көмүр алуу үчүн 325,0 Электро энергияга 1537,5 Мамлекеттик кызматчыларды окутуу чыгымдарына 53,0
Баары 7798,1 Ар кандай каражатка 360,0
Жалпысы: 8158,1
3.Айыл аймагынын бюджетиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор боюнча сессияга сунушталып, айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн баардык түрлөрү менен толук аткарылышына чараларды көрүү , финансы бөлүмүнүн башчысына жана кирешелер боюнча башкы адиске тапшырылсын.
4.Пландалган жер салыгынан ашык чогулган акча каражат айыл аймагынын айылдык Кеңеши нин токтому менен тартыш статьяларга пайдаланылсын.
5.2018-жылга айыл аймагынын бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2047,7 сом теңдештирүүчү гранттын өлчөмү 6234,6 сом
жалпысы 8282,3 сом
Киреше бөлүгү 8282,3 сом Чыгаша бөлүгү 8282,3 сом
6. 2019 жылга айыл аймагынын бюджетинин болжолдуу долбоору жергиликтуу бюджетинин киреше бөлүгү 2123,7 сом тендештирүүчү гранттын өлчөмү 6547,4 сом
Жалпысы 8671,1
киреше бөлүгү: 8671,1 сом
чыгаша бөлүгү: 8671,1 сом
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы экономика, бюджет жана салык,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Эсекеев |