Редакцияот 17.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги I-сессиясы

 

2017-жылдын 17-марты № 3/3

Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016 -жылдын атайын каражаттардын эсебин аткаруудагы 2017-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө

«Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016 -жылдын атайын каражаттар эсебин аткаруудагы 2017-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджетин аткарууда 2017- жылдын башында бош калган акча каражаттарды, төмөнкү статьяларларга кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин.

 Бала-бакчага.

2181100 Тамак-аш каражатына 52794,00

 Мамлекеттик кызматка;

22154900 Ар кандай каражат учун 3575,45 Баары 56369,45

2. Кошумча бөлүнүп берилген айыл өкмөттүн эсепкорундагы бош калган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Эсекеев