Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 3/4
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016 жылдын бюджетин аткарууда 2017-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө
«Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016 жылдын бюджетин аткарууда 2017-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө» айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын маалыматтын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31- беренесине жана « Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 49- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджетин аткарууда 2017- жылдын башында бош калган акча каражаттарды, төмөнкү статьяларга кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин.
1. 21211100 Эмгек акынын социалдык чегерүүсүно 120000 сом
2. 22154900 Ар кандай каражаттар үчүн 410468,94 сом
Баары ; 530468,94 сом
2. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсепкорундагы бөлүнүп берилген бош калган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Эсекеев |