Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 3/6
Талаа- Булак айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн Дөӊ-Алыш айылынын «Кырман» участкасына жеке менчик турак үй куруу үчүн башкы план түздүүрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына 15-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Алыш айылынын «Кырман» участкасына жеке менчик турак үй куруу үчүн башкы план түздүрүү боюнча жер турак –жай адиси А.Бейшекеевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңиши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын Дөӊ-Алыш айылынын «Кырман» участкасынын 12га жер аянтына жеке менчик турак үй куруу үчүн башкы планы чийилип бекитилсин.
2. Айыл аймагынын Дөӊ-Алыш айылынын «Кырман» участкасынан жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участоктордон жарандарга берүүнүн өлчөмү 15 соттыхтан белгиленсин.
3. Райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен бирдикте Дөң-Алыш айылынын «Кырман» участкасына башкы планды түздүрүү жана келечекте жеке менчик турак үй куруу үчүн бөлүнө турган жерлерди пландоо жагы жер,турак жай адиси А.Бейшекеевге милдеттендирилсин.
4. Башкы планды түздүрүү үчүн архитектурага төлөнүүчү акча каражатын турак жай куруу үчүн жер участогун алган атуулдардын эсебинен төлөнүп берилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Жолдошбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |