Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 3/7
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө
Айыл аймагында айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын жогорулатуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Джумабаеванын маалыматын жана сунушун угуп талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы төмөнкүдөй көрсөтүлгөн 1.Сугат айдоо-1,0га 107 сом 50 тыйын, өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Джумабаевага милдеттендирилсин
Төрага | Р.Эсекеев |