Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 3/8
Айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо иштерин жүргүзүүдөгү кызмат акысы жөнүндө
“Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл аймагында багылып жана көбөйтүлүп жаткан ири мүйүздү малдарды идентификациялоо иштерин жүргүзүүгө кызмат акысы жөнүндө вет адис Б.Чыналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айыл аймагында багылып жана көбөйтүлүп жаткан ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо иштерин жүргүзүү кызмат акысы жана каражаттары болгон мамлекеттик бирка (бир даанасы) - 37 сом 76 тыйын, Операторлордун жана регистраторлордун кызмат акысы - 30 сом иш кагаздары үчүн - 2сом 24тыйын
өлчөмүндө бекитилсин.
Төрага | Р.Эсекеев |