ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 17-марты № 3/10
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык айыл аймагынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында Талаа-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ: :
1.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берилсин .
2. Айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине айыл аймагынын жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландары өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланынса ,өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы—Жайыт комитетине эскертилсин.
4. Айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, айыл аймагынын айыл өкмөтүнө, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана айыл аймагынын айылдык Кеңешине Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип турууга милдеттендирилсин.
5. Айыл аймагынын жайыт комитетине айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо ,макулдашууда ,бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп туруу жагы тапшырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу боюнча бардык иш –чараларды аткарууну айыл аймагынын жайыт комитетине милдеттендирилсин
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөөлдөнү Талаа-Булак айыл аймагынын башчысы Б.Жолдошбек уулуна тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |