Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын уюштуруу кезектеги III-сессиясы
2017-жылдын 10-апрели № 4/1
Нарын обласынын Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Талаа-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-сентябрындагы №114 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун жана «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш,Комсомол калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 13-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш жана Комсомол калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш жана Комсомол калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер, айлана-чөйрөнү коргоо, сациалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына . тапшырысын.
Төрага | Р.Эсекеев |