Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин 6-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 1-сессиясы
2017-жылдын 6-июну № 4
Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Төрт-Көл айылдык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | С. Ахмедов |
| Тиркеме Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18.01. № 4 токтому менен бекитилген |
1. Айылдык кеңештин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы Ахмедов С.)
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2016-жыл үчүн жылдык отчет (2017-жыл, 1-квартал, Төрт-Көл айыл өкмөтү)
3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Абдиев А.)
4. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы, Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи Абдиев А.)
5. 2017-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Абдиев А.)
6. Төрт-Көл айыл аймагындагы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2017-жыл, 2-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
7. Бюджеттин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Абдиев А.)
9. Өзгөн РИИБнин Төрт-Көл айыл аймагы боюнча административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн Төрт-Көл айыл аймагы боюнча аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери (2017-жыл, 2-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)
10. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)
11. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөт башчысынын орун басары )
12. Төрт-Көл айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2017-жыл, 3-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)
13. Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин башчысы)
14. Төрт-Көл айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2017-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2017-жыл, 2-квартал, айыл өкмөт башчысынын орун басары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия)
15. СПАнын 2016-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал, СПАнын жетекчиси, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия)
16. Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү (2017-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл көмөтүнүн жер адиси)
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
1 | Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
2 | Төрт-Көл айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы жана кеңештин жооптуу катчысы |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси |
|
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
5 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар |
|
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы |
|
8 | Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
9 | 2017-жыл «Адеп-ахлак, тарбия жана маданият Жылына» иш чараларды уюштуруу жана демилгелерди колго алуу | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
10 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
11 | Алтынчы чакырылыштагы Төрт-Көл айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2017-ж., ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
12 | Алтынчы чакырылыштагы Төрт-Көл айылдык кеңешинин ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо | 2017-жыл, октябрь | Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттары |
|
Төрага | Ахмедов С. |