ТоктомКүчүндө

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2016-жылдын 12-январындагы № 24-2 «Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин №384 Атамерек шайлоо участкасынын депутаты Н.Капаровдун жана №5385 Кашкалдак шайлоо участкасынын депутаты И.Абдыкадыровдун депутаттык мандатты колдонуусун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана №5383 Өсөр шайлоо участкасынын депутаты Г.Нышанбаеванын арызы жөнүндө» токтому

Редакция12.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин v чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

 

201-жылдын 12-январы № 24-2

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин №384 Атамерек шайлоо участкасынын депутаты Н.Капаровдун жана №5385 Кашкалдак шайлоо участкасынын депутаты И.Абдыкадыровдун депутаттык мандатты колдонуусун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана №5383 Өсөр шайлоо участкасынын депутаты Г.Нышанбаеванын арызы жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши жогорудагы маселени карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4 главасынын депутаттык мандат жөнүндөгү 24 беренесинин 4, 6 жана 7 пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.№384 Атамерек шайлоо участкасы боюнча айылдык кенештин депутаты Н.Капаровдун Кыргыз Республикасынынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4 главасынын депутаттык мандат жөнүндөгү 24 беренесинин 6 пунктуна ылайык каза болгондугуна байланыштуу депутаттык мандаты токтотулсун.

2.№385 Кашкалдак шайлоо участкасы боюнча айылдык кенештин депутаты И.Абдыкадыровдун Кыргыз Республикасынынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4 главасынын депутаттык мандат жөнүндөгү 24 беренесинин 7 пунктунун негизинде жыл ичинде айылдык кенештин сессияларына жүйөөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпагандыгына байланыштуу депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

3.№383 Өсөр шайлоо участкасы боюнча айылдык кенештин депутаты Г.Нышанбаеванын Кыргыз Республикасынынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4 главасынын депутаттык мандат жөнүндөгү 24 беренесинин 4 пунктуна ылайык депутаттык мандаты токтотулсун.

3. Бош депутаттык мандатты тактап берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Н.Баймуратов