Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин v чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 12-январы № 24-5
Ноокат райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын №343 катын кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистердин айыл аймагындагы калктын мал-жандыгын клиникалык кароодон өткөрүү,эмдөө-дарылоо боюнча кызмат көрсөтүүсүнүн сунушталып жаткан кызмат акысы жөнүндөгү Ноокат райондук ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын №343 катын карап жана талкуулап Т.Зулпуев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын көзөмөлүндө туруучу субьектердин жана жеке менчик ветеринардык сервистердин элге кызмат кызмат көрсөтүүсүнүн баасы Т.Зулпуев атындагы айыл аймагында бекитилсин.(Сунушталган баанын тизмеси тиркелет).
2. Ушул токтомду жетекчилекке жана аткарууга алуу Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистердин башчыларына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси ветврач А.Рахманбердиевге милдеттендирилсин
Төрага | Н.Баймуратов |