Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин v чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 12-январы № 25-1
“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркына административдик имарат куруу үчүн 0,06 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын 2016-жылдын 15-февралындагы №27 катын кароо
“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркына административдик имарат куруу үчүн 0,06 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү №27 15.02.2016-жылдагы катын карап жана талкуулап Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган жер аянтынан “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркына административдик имарат куруу үчүн 0,06 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо, архитектура жана шаар куруу башкармалыктарынан жана Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл, суу, чарба, транспорт, курулуш, өнөр жай жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Баймуратов |