Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин v чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 16-февралы № 25-3
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдан калган калдыкты 2016-жылдын 1-январына карата эсептик счетуна бекитуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыкты иштелип чыгылган бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия тарабынан каралып чыгылып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27 статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 1740,7 мин сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор жүргүзүлсүн.
2. 2016 жылга Т.Зулпуев атындагы айылдык бюджетине 1-январга карата калган калдыктын эсебинен чыгашалары боюнча багыттар № 1- тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Т.Зулпуев атындагы айылдык бюджетинин чыгаша бөлүгүн жыл башындагы суммага 2016-жылдын 1-январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Баймуратов |