Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 25-5
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн айыл башчы штаттык бирдигин бекитип беруу боюнча сунушун кароо жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн райондук статистика бөлүмүндө он айыл катталгандыгы.бирок бүгүнкү күндө жети гана айыл башчы иштеп жаткандыгын алыскы айылдардын социалдык-экономикалык маселелерин мыйзам талаптарына ылайык чечү максатында 2016-жылы эки айыл башчы Штаттык бирдигин ачып берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомунун (**) эскертмесине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кошумча эки айыл башчы штат бирдиги каралып берилсин.
2. Айыл башчынын штат бирдигин жергиликтүү бюджетке киргизүү,өз убагында эмгек маянасын төлөп берүү ФЭБ башчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык кеңешинин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |