Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2016-жылдын 16-февралы № 25-6
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-344-беренелерине негиз айыл чарба багытына арналбаган жерлердин жана “Мүлк” салыгынын зоналдык коэфиценти жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкаларын “Мүлк” салыгынын коэфиценттери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-344 беренелерине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде,айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытында пайдаланбаган жерлердин коэфиценти жана “Мүлк” салыгынын коэфиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү жашаган тургундардан таштандыдан алынган салык ар бир үй-бүлөгө 100 сомдон, ал эми айыл өкмөтүнүн аймагында иштеп жаткан ишканалардын жумушчуларынан 100 сомдон салык өлчөмү бекитилсин.
3. Токтомдо көрсөтүлгөн салык нормаларынын сакталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Рахманкулов |