Редакцияот 28.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы

 

2016-жылдын 16-февралы № 26-1

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Алмалык участкасындагы жер казынасын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Алмалык участкасындагы №313 контурунда жайгашкан 203,66 га жер тилкесин ижарага берүү жөнүндөгү ЖЧК “Алмалык Ком” 2016-жылдын 8-апрелиндеги №30 катын угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” 1-бөлүмдүн 7-8 статьяларына негизденип Т.Зулпуев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагынын Алмалык участкасындагы №313 контурунда жайгашкан 203,66 га жер тилкесиндеги жер казынасын ЖЧК “Алмалык Ком”жоопкерчилиги чектелген коомго лицензиясы бүткөнгө чейин убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

2. Убактылуу пайдаланууга берилип жаткан жер казынасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына таянып,тиешелүү документтерин берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин айылчарба,суу чарба транспорт,курулуш,жер жана жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Рахманкулов