Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы
2016-жылдын 02-августу № 27-4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик Агенттиги менен макулдашылган “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү” тууралуу келишиминин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик Агенттиги менен макулдашылган “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү” тууралуу келишиминин долбоорун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 20 жана 31-беренелерине ылайык Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан иштелип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер иштери боюнча мамлекеттик Агенттиги менен макулдашылган “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү” тууралуу келишиминин долбоору бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук,мандат,укук дин иштери жана депутаттык этика жөнүндө туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Баймуратова |