Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
2016-жылдын 2-сентябры № 29/1
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Алмалык айылынын жана Кара-Таш бөлүмүндө жашап жаткан кожолуктардын турак-жайы жер аянты менен Ош шаарына өткөрүп берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Алмалык айылынын жана Кара-Таш бөлүмүндө жашап жаткан тургундар Союз мезгилинен бери Ош шаарынын каттоосунда туруп жалпы тамарка аянты 28 га.71 сотыхты түзөт анын ичинен Алмалык айылы 21га.26 сотыхты,Кара-Таш бөлүмү 7 га.45 сотых.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 14-сентябрь 2016-жылдагы №03/900 сандуу чыгыш катынын,23-сентябрь 2016-жылдагы №03/944 сандуу жана 18-октябрь 2016-жылдагы 03/1019 сандуу Т.Зулпуев атындагыайыл өкмөтүнүн Алмалык участкасындагы калктуу конуштарды жана 969-контурдагы 9.20 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Ош шаарынын карамагында өткөрүп берүү жөнүндөгү чыгыш каттарынын негизинде,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндөгү Жобонун”12-беренесин жетекчиликке алып Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүна Алмалык айылында жашап жаткан кожолуктардын 21 га 26 (жыйырма бир гектар жыйырма алты)сотых жана Кара-Таш бөлүмүндө жашап жаткан кожолуктардын 7 га.45 (жети гектар кырк беш)сотых жалпысы 28 га 71 сотых (жыйырма сегиз гектар жетимиш бир сотых) жер аянты менен Ош шаарынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Алмалык участкасындагы 969-контурда жайгашкан 9.20 га жер аянты Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн балансасында калтырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев айылдык кеңешинин айыл,суу чарба,транспорт,курулуш,өнөр жай, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Рахманкулов |