Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-июлу № 27-37/127
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жаӊы-Алыш айылдык кеӊеши «Алтынкен» Жоопкерчилиги Чектелген Ишканасынан социалдык пакетке түшкөн 1 млн сом акча каражатын боюнча талкулап төмөнкүчө:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаӊы-Алыш айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетунун киреше бөлүгүнө, «Алтынкен» Жоопкерчилиги Чектелген Ишканасынан социалдык пакетке түшкөн 1 млн сомго көбөйтүлсүн.
2. 800 000 миӊ сом Т.Абдумомунов атындагы мектептин ремонтуна бөлүнүп берилсин.
3. 170 000 миӊ сом РТСтеги парктын тегерегин тосууга бөлүнүп берилсин.
4. 20 000 миӊ сом Д.Мамбеталиевага кайрылуусу боюнча бөлүнүп берилсин.
5. 10 000 миӊ сом Токтобек көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу боюнча, суу киргизүүгө бөлүнүп берилсин.
6. Бөлүнгөн акча каражаты туура жана өзүнүн багыты боюнча пайдаланышы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К.А. Абдылдаев |