Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3/6
Кош-Дөбө айыл аймагында айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жана инвестиция планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынын кезексиз Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары , Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү боюнча 2017-2020-жылдарга карата стратегиялык жана инвестиция планына өзгөртүү, толуктоосу менен бекитилсин.
2. Жогорудагы 2017-2020-жылдарга карата стратегиялык жана инвестиция пландык ишин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн адистери Тилен уулу Талант жана Аскарбек уулу Ноорузга милдеттендирилсин.
3. Кара-Күнгөй айылынын Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин территориясында турган бош муниципалдык жерге бала бакча куруу үчүн 500 м 2 жер аянтты бөлүнүп берилсин.
4. Эки айылдын ортосундагы муниципалдык бош жаткан жерге ачык типтеги спорт аянтчасын куруу үчүн 300м 2 жер аянты болунуп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Тилен уулу Талантга милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |