Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 3/7
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2017-жылдагы № 120 катын кароо жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2017-жылдагы № 120 катынын негизинде дотацияны кыскартуунун бирден бир жолу жер салыгынын базалык ставкасын жогорлатуу экендиги белгиленген Кыргыз Республикасынын 2009-жылы кабыл алынган салык кодексинин 337-беренесине ылайык жергиликтүү кенештер базалык ставканы толук көтөрүүгө укугу бар экендигин жана жалпы айылдын тургундарынын сунуш пикирлерин эске алуу тууралу белгилеп айылдарда өткөрулгөн жыйындардын негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жер салыкты көтөрүүго эч кандай мүмкүнчүлүк жок экендигин баса белгилеп жер салыктын ставкасы мурункудай эле калтыруу жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевге жана салык инспектор Н.Узбековага тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |