Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 4/11
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2017-жылга карата бекитүү жана 2018-2019-жылдарга киреше болүгүнүн болжолдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы жана бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Кенжебаев Ильяс жана Кош-Дөбө айыл аймагынын бөлүм башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу бюджети жөнүндөгү Мыйзамдарына негизденип, Каржы министрлиги берген долбоорду, Кенештин туруктуу комиссиясы берген маалыматтарды эске алып, 2017-жылга карата жергиликтүү бюджет төмөндөгүдөй бекитилсин: 2017-жылдын киреше бөлүгү 5136,5 миң сомго, мунун ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 1396,8 миң сомго, тендештирилүүчү грант 3739,7 сомго бекитилсин.
2. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша болугу:
-аппаратка - 2723,5 миң сом
-маданиятка - 921,2 миң сом
-агартууга - 1178,0 миң сом
- бала бакчага - 493,8
- 5316,5
3. 2017-жыл учун айыл аймагынын жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 5316,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 5316,5 миң сомго бекитилсин
4. 2018-2019-жылдарга жергиликтуу бюджеттин киреше болугунун болжолдуу прогнозу томодогудой бекитилсин:
2018-жылга:
- жергиликтуу салыктар жана жыйымдар 1456,8 сомго;
- тендештирилуучу гранттар 3789,5 сомго;
Баары 5246,3сомго;
2019 -жылга жергиликтуу бюджеттин киреше болугу:
- жергиликтуу салыктар жана жыйымдар 1528,8 сомго;
- тендештирилуучу гранттар 3942,4 сомго ;
Баары 5471,2 сомго
5. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга Каржы Министрлиги берген долбоордун киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча өкмөт башчысы Т. Абыкеевдин аталган министирликке жазган кайчы пикири колдоого алынсын жана ал пикир Каржы Министирлигине тапшырылсын жана жетпей жаткан 300,0 мин сомду кошумча бөлүп берүү жагы суралсын.
6. Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бекитилген бюджетинин ар бир статьясы мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы өкмөт башчысы Т.Абыкеевге жана отчет берип туруу жагы бөлүм башчы С.Капаровго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |