Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 4/15
Кара- Саз айылынын тургуну Мамбеткаимов Бекарстандын арызын кароо жөнүндө
Айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги алма бак Канат көчөсүндөгү 20 түтүндүн огороддоруна көлөкө түшүрүп түшүм алууга мүмкүн болбой жаткандыктан бутоого уруксаат сурап жазган арызынын негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Саз айылынын тургуну Мамбеткаимов Бекарстандын арызы канаатандырылып Канат көчөсүндөгү 20 түтүндүн огородуна көлөкө түшүрүп жана чирип калган бутактарын буттоого уруксаат берилсин.
2. Алма бактын тегерегине мусор төккөн айыл тургундарына 4000 ( төрт миң) сом өлчөмүндө айып салынсын. Алма бактын тегерегиндеги элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Бактарды бутоо жана уюштуруу иштерин жана кыркылган бутактар менен алма бактын тегерегин тосуу иштерин жүргүзүү жагы арендатор Мамбеткаимов Бекарстанга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын аткарууга алуу жагы айыл аймагынын жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис Аскарбек уулу Ноорузга тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |