Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-апрели № 5/16
Айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоонун кызмат көрсөтүү акыларын бекитүү
Айыл аймагында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы “ Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө ” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 токтомуна ылайык жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 21.02.2017-жылдагы № 24-б буйругун аткаруу жана көрсөтүлгөн кызматка акыны бекитүү максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл аймагында идентификациялоону сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүлсүн.
2. Идентификациялоо иштерин жүргүзүүдө бирка учун 40 сомдон кызмат көрсөтүүсүнө жана керектүү материалдарды алып жумшоого 30 сомдон баардыгы 70 өлчөмүндө кызмат көрсөтүү алынсын.
3. Малдарды идентификациялоонун натыйжалуулугу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын мал чарбасы боюнча башкы адис Молдоканов Шайбекке тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |