Редакцияот 08.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 8-апрели № 5/17

«Нарын областынын Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө»

Кош-Дөбө айылдык аймагынын 06.04.2017- жылдагы № 31 буйругунун негизинде Кош-Дөбө айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кош-Дөбө айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайы Кош-Дөбө айыл аймактык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кочкор районун Кош-Дөбө айылдык аймагынын Кара-Саз жана Кара-Күңгөй калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.

2. Кош-Дөбө айылдык аймагынын Кара-Саз жана Кара-Күңгөй калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.

3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ырысбек Бектен