Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-апрели № 5/18
Бош калган каражаттан аппаратка 22154900 статьядан спорттук мелдештерди уюштурууга бөлүнгөн каражаттан билим берүүгө командировкалык чыгымга которуу жөнүндө
Сагымбай Орозбак уулу атындагы орто мектептин окуучулары облустук спартакиадага барып катышууга 10 окуучу , 2 мугалимге командировкалык чыгым үчүн каражат бөлүү тууралу Бакиров Нурландын билдирүүсүн угуп Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бош калган каражаттан аппаратка 22154900 статьядан спорттук мелдештерди уюштурууга бөлүнгөн 10,0 (он миң) сомдон билим берүүгө командировкалык чыгымга 5,0 (беш миң) сому которулсун.
2. Ушул токтомго ылайык сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз ылуу жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |