Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2017-жылдын 06-февралы № 1
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктун жана Семеновка айыл аймагынын 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Семеновка айыл аймагынын 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 338,7 сом өлчөмүндө, анын ичинен
- атайын каражаттар боюнча 400,0 сом
-теңдештирүүчү грант 1 801,7 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2018-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 4 679,0 сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. 2019-жылга карата 4 602,0 сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. 2016-жылдан 2017-жылга калган 240,0 сом эсебиндеги калдык тиркеменин негизинде бөлүнүп берилсин.
5. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын башчысы Э Раимбековко жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г Элебесовага милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Молдогазиев |