Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2017-жылдын 17-апрели №1
Семеновка айыл аймагындагы жашоочулардын көйгөйлүү маселелеринин бири болгон клиникалык лабаратория салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча маселени карап, талкуулап Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семеновка айыл өкмөтүнүн күн батыш тарабында жайгашкан 300кв/м жер тилкеси клиникалык лабаратория салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Клиникалык лабаратория салуу үчүн талап кылынган иш кагаздары айыл өкмөтү тарабынан даярдалып берилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин
4. Токтомду аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Жер агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал , жайыт маселелери” боюнча № 2 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Молдогазиев |